Кыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты бекемдейт

Ден соолук 183 20 Август 2026 14:40
778143354_2390935071437074_3761945739884155040_n (1).jpg
777851708_1797093731291284_8192413319122540888_n.jpg
780981905_1927598871241895_8191257495770914025_n.jpg
781293018_2052300048988920_5717387213913833193_n.jpg
778988966_1938315060198227_8503414305613431878_n.jpg
778625077_1056930107189286_4199244826511778696_n.jpg
778950267_1393025346257401_3090898930662129696_n.jpg
Алдыга
Артка
778143354_2390935071437074_3761945739884155040_n (1).jpg
777851708_1797093731291284_8192413319122540888_n.jpg
780981905_1927598871241895_8191257495770914025_n.jpg
781293018_2052300048988920_5717387213913833193_n.jpg
778988966_1938315060198227_8503414305613431878_n.jpg
778625077_1056930107189286_4199244826511778696_n.jpg
778950267_1393025346257401_3090898930662129696_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Cаламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана саламаттык сактоо тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө адистешкен USHAŞ уюмунун өкүлдөрүнөн турган делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде дары-дармек менен камсыз кылуу, фармацевтика тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, долбоорлорду даярдоо жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

USHAŞ Директорлор кеңешинин мүчөсү доктор Хасан Чагыл түрк тарап Кыргызстан менен топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана эксперттик-консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Тактап айтканда, дары-дармек менен камсыз кылуу, медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу, маалыматтык технологиялар жана саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү жаатындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.

Жолугушууда дары-дармек менен камсыз кылуу жана фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Түркия тарап тармакты реформалоо боюнча тажрыйбасын, анын ичинде женерикалык дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү өнүктүрүү, сатып алуу системасын өркүндөтүү жана ички рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багыттарын тааныштырды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстанда айрым дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындай чечимдер ички рыноктун реалдуу муктаждыктарына жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугуна негизделиши керектиги белгиленди. Потенциалдуу жана келечектүү багыттардын катарында суроо-талап жогору болгон дары-дармектерди жана алып келүүсү олуттуу логистикалык чыгымдарды талап кылган продукцияларды өндүрүү каралышы мүмкүн.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүү жана алардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана бул багытты мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.

"Биз үчүн Түркиянын практикалык тажрыйбасын изилдөө жана Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарын эске алуу менен ылайыкташтырылышы мүмкүн болгон чечимдерди кароо маанилүү. Биз үчүн дары-дармек менен камсыз кылуу, фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелери өзгөчө мааниге ээ. Эксперттик диалогду улантууга жана кызматташтыктын практикалык багыттарын мындан ары изилдөөгө кызыкдарбыз", - деп белгиледи Дамир Осмонов.

Жолугушуунун жыйынтыгында түрк тарап эксперттик диалогду улантууга жана Кыргызстанга Түркияда саламаттык сактоо тармагында колдонулуп жаткан практикалык ыкмаларды изилдөөдө консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.