Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жаңы доор башталып, кызматташтык кеңейүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин мурдагы стат-катчысы, эксперт Данияр Сыдыков “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.

Эксперттин айтымында, президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы барагын ачкан тарыхый окуя болду. Бул сапардын негизги себептеринин бири көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселеси болду. Маселе узак убакыт бою эки өлкөнүн бардык тармактардагы кызматташтыгына тоскоол болуп келген. Көптөгөн эксперттер муну чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептешкен.
“Бирок өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында бул татаал маселе акыры ийгиликтүү чечилди. Үстүбүздөгү жылдын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, ошол учурда тараптар чек ара маселеси боюнча келишимге кол коюшкан. Арадан төрт ай өткөн соң, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жооп сапары менен Тажикстанга барып келди. Бул сапар мамлекет башчыбыздын эки тараптуу мамилени бекемдөөгө болгон ыкчам жана жогорку деңгээлдеги мамилесин, саясий даярдыгын айкын көрсөтүп турат,” - деди эксперт.
Сыдыков белгилегендей, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелер акыркы 20 жылдан ашык убакыт бою туруксуз абалда болуп келген. Натыйжада, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштар да чектелүү бойдон калган. 2024-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү болгону 12 миллион доллардын тегерегинде болгон.
“Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2 миллиард долларга жетери пландалып жаткан шартта, мындай көрсөткүчкө Тажикстан менен да жетүүгө бардык мүмкүнчүлүк бар. Өлкө башчыбыз бул потенциалды туура баалап, элдик дипломатияны күчөтүү, жеке ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максатында мамлекеттик сапарды тез арада ишке ашырды.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 15тен ашык келишимге кол коюлду. Алардын ичинен эң маанилүүсү чек ара маселеси боюнча келишим. Мындан сырткары, энергетика, айыл чарба жана логистика тармактарындагы кызматташтык боюнча да бир катар документтерге кол коюлду. Бул келишимдер жаңы доорду ачууда. Азыркы кезде эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Эми бул мамилени сактап калуу жана тереңдетүү ар бирибиздин жарандык жана саясий жоопкерчилигибизге айланууга тийиш”,-деди ал.
Муну менен катар ал бул жетишкендик эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык гана эмес, ал жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн маанилүү кадам экенин кошумчалады.