Кыргызстан менен Тажикстандын Мамлекеттик чек ара келишимине кол коюлушун жылуу кабыл алдым – ТМУнун башкы катчысы

Саясат Загрузка... 14 Март 2025 11:42
2024-12-27_19-35-53.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлушун жылуу кабыл алдым, деп билдирди Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев.

«Дипломатия жана диалог аркылуу жетишилген бул маанилүү кадам Борбор Азияда жана анын айланасында да туруктуу тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол ачат.

Биз бир туугандык мамилелерди жана аймактык ынтымакты чыңдоого багытталган бардык аракеттерди колдоого даярбыз», - деди ал.