Кыргызстан менен Тажикстан эли коңшулук ынтымакты бекемдеп, эриш-аркак жашаш керек – саясат талдоочу

Коом Загрузка... 12 Март 2025 15:30
WhatsApp Image 2025-03-12 at 12.20.15.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан эли коңшулук ынтымакты бекемдеп, эриш-аркак жашаш керек. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан президентинин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келгенде мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты ийри отуруп, түз талкуулашы алаканы бекемдөөгө шарт түзөт.

“Эки президенттин саясий эрки менен чечилген чек ара маселеси коңшу турган эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ынак коңшулук мамилесин далилдеп турат. Мындан ары ынтымак, биримдиктин болушу маанилүү. Кыргызстан менен Тажикстан эли ынтымакты бекемдеп, эриш-аркак жашаш керек. Менин оюмча, Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапар менен биздин өлкөгө келиши бардык тармактарда кызматташууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Азыр экономикалык байланыштар кайра жанданып, маданий-гуманитардык алакалар боюнча карым-катыш уланат деп баамдап турам”, - деди ал.