Кыргызстан менен Тажикстан агрардык тармакта тажрыйба алмашат

Министрлер кабинети 26 Май 2026 10:00
6a14492e2426c (1).jpeg
6a144afa1de88.jpeg
6a1449f174816.jpeg
6a1449e611a37.jpeg
6a144991ba4bc.jpeg
6a1449a3173e7.jpeg
6a144afee7920.jpeg
Алдыга
Артка
6a14492e2426c (1).jpeg
6a144afa1de88.jpeg
6a1449f174816.jpeg
6a1449e611a37.jpeg
6a144991ba4bc.jpeg
6a1449a3173e7.jpeg
6a144afee7920.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жолукту. 

Жолугушуу Эрлист Акунбековдун Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын 2025-жылдагы өз ара мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда айыл чарба тармагында жетишилген өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, жакында эле өткөрүлгөн эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда кол коюлган документтердин ишке ашырылышы, жалпы бул тармакта эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтердин ишке ашырылышы сүйлөшүлдү.

Айыл чарба тармагында кол коюлган макулдашууларды жана протоколдорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен “Жол картаны” иштеп чыгуу каралды. Бул биргелешкен иштерди системалаштырууга, конкреттүү иш-чараларды, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, жооптуу структураларды аныктоого, ошондой эле практикалык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жолугушууда ветеринардык жана фитосанитардык маселелери, мал жана балык чарбачылыгы, өсүмдүктөр жана илимий-техникалык жана үрөөнчүлүк багыттары сыяктуу айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, эки мамлекеттин тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу макулдашылды.