Кыргызстан менен Россиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Загрузка... 06 Декабрь 2025 17:41
595137262_1415109763956987_5118111193692514548_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан ары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары өлкөлөр ортосундагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу бекем мамилелерин белгилешти. Кыргыз-орус мамилелери үчүн Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон сапары негизги окуялардын бири болуп калды.

Бул сапар эки тараптуу күн тартибинин бардык спектри боюнча стратегиялык өнөктөштүккө кошумча түрткү берип, анын тереңдетилген кызматташтык деңгээлине өтүшүнө өбөлгө түзүп, абдан жемиштүү болду.

Лидерлер алдыдагы жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө кызмат кыларына ишеним билдиришти.