Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын иски иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы Виктор Золотов баштаган делегацияга ИИМдин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүнүн ишмердүүлүгүн тааныштырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, иш сапардын жүрүшүндө россиялык делегацияга аскер кызматын өтөөнү уюштуруу, өздүк курамды даярдоо системасы, курал-жарак, атайын техника жана жабдуулар көрсөтүлдү.
Жолугушууда аскер кызматчыларын даярдоо, алардын кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү, коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Сапар Кыргызстан менен Россиянын күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кесиптик кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталды.