Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Кыргыз дарыгерлери Россиянын алдыңкы клиникаларында тажрыйба топтошот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен болгон жолугуусунда белгилүү болду.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусу талкууланды. Россиянын клиникаларында дарылануу үчүн кыргызстандыктарга квота бөлүү ишин улантуу, анын ичинде жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлдү.
Тараптар кадр даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Кыргызстандын жаш дарыгерлерин Россияда, айрыкча онкология, нейрохирургия, кардиохирургия жана педиатрия багыттары боюнча окутуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болду. Ошондой эле кыргыз дарыгерлери үчүн Россиянын алдыңкы медициналык борборлорунда стажировкадан өтүү жана квалификациясын жогорулатуу программаларын уюштуруу каралды.
Мындан тышкары, жогорку технологиялык медицина тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Кыргыз тарап өлкөдө циклотрондук-радиофармацевтикалык өндүрүшү бар ядролук медицина борборун түзүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул багытта айрым иштер Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында жүрүп жатканы маалымдалды.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2026-жылы керектүү документтерди даярдап, келишимдерди түзүү жана долбоорлоо иштерин баштоо, ал эми 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.
Жолугушууда ошондой эле дарыгерлердин тажрыйба алмашуусу, биргелешкен операцияларды өткөрүү жана илимий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери сөз болду.