Кыргызстан менен Россия ИИМ башчылары кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулады

Коом Загрузка... 15 Май 2025 10:54
WhatsApp_Image_2025_ocsSKLK.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Күн мурун Москвада Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушту.

ИИМден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо түзүмдөрүнүн башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикирлери менен бөлүшүштү.

Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, киберкылмыштуулук, баңгикоркунучу менен күрөшүү, андан сырткары тергөөдөн изин жашырып жүргөн кылмышкерлерди мамлекеттер аралык издөө линиясы боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы бекемдөөнүн манилүүлүгүн баса белгиледи. Ал өз ара аракеттенүү туруктуу, иштиктүү жана достук мүнөздү камтырын билдирди.

Тараптар КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин кеңешинин алкагында активдүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантууга даярдыгын тастыкташты.

Белгилеп кетсек, кеңештин кезектеги отуруму ушул жылдын август айында Санкт-Петербургда өтөт.