Кыргызстан менен Россия гепатит менен күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтөт

Ден соолук Загрузка... 10 Февраль 2026 12:14
113.webp
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатындагы Федералдык көзөмөл кызматынын жетекчиси Анна Попова менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун негизги темасы – В, С жана D вирустук гепатиттер боюнча биргелешкен иш болду. 2023-жылдан бери Кыргызстанда гепатиттерди эрте аныктоо, диспансердик көзөмөл жана дарылоону кеңейтүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп келет.

Тараптар кызматташуунун практикалык натыйжаларын жана уюштуруучулук жагдайларын талкуулашты. Айрыкча, 2022-жылдын декабрынан тартып гемоконтакттык вирустук гепатиттерге каршы улуттук программа ишке киргизилип, чоңдорду системалуу эмдөө башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 300 миңден ашуун жаран гепатит Вга каршы эмдөөдөн өткөн.

Кызматташуунун алкагында:

  • 500 миң доза вакцина жана HBsAg аныктоо үчүн 200 миң экспресс-тест жеткирилген;
  • Медициналык кызматкерлер экспресс-тестирлөө жана эмдөө боюнча окутулган;
  • Калк жана адистер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн;
  • Жетүүгө кыйын аймактарда эмдөө үчүн мобилдик комплекстер колдонулган.

Жолугушуунун катышуучулары Россиянын колдоосу менен гепатитти алдын алуу, аныктоо жана дарылоо системасы бекемделип, диагностика жана терапия алгандардын саны өскөнүн белгилешти.

Тараптар кийинки этапта төмөнкү милдеттерди аткарууну максат кылышты:

  • В гепатитке каршы вакциналар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
  • Логистика жана жеткиликтүүлүктү эске алуу менен эмдөө мөөнөттөрүн жана схемаларын так сактоо, анын ичинде мобилдик форматтарды колдонуу;
  • Калкты эмдөөнүн мааниси жана коопсуздугу тууралуу системалуу маалымат берүү;
  • Баштапкы деңгээлдеги медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, бейтаптарды кеңеш берүү жана эмдөөдөн баш тартуу же схемаларды бузуу учурларын коштоп жүрүү;
  • “Муздак чынжыр” талаптарын сактоо, документтештирүүнүн сапатын жана эмдөө менен камтууну көзөмөлдөө.