Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну андан ары илгерилетүү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.
Анда тараптар акыркы жылдары эки өлкө ортосунда практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкенин белгилешти. Маселен, өткөн жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 млрд долларга жеткени, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча тарыхый долбоорду ишке ашыруу жогорку ыргакта уланышы, мамлекеттик чек арада "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пункту ачылып, Бедел – Барскоон автожолунун курулушу сыяктуу көптөгөн иштер аткарылып жатканы айтылды.
Ошондой эле, айыл чарбасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, транспорттук жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу, адистештирилген техника менен камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди колдоо сыяктуу негизги тармактарды камтыган 11 ири долбоор пландалганы жана ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бүгүнкү жолугушууда каралган маселелерди жакында боло турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кенен караларын жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдоо жана жетишүү зарылдыгын макулдашты.