Кыргыз-Корея авиа өнөктөштүгү. Жаңы каттамдарга жол ачылат

Коом Загрузка... 23 Апрель 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министрлигинин Авиация саясаты департаментинин башкы директору Ким Ён Кук менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Бишкек менен Сеул шаарларынын ортосундагы түз каттамдын иштеп жаткандыгы тууралуу, ошондой эле Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча жетишкен ийгиликтер жөнүндө маалымат берди. Айрыкча, өлкөдөгү учурдагы авиациялык инфраструктураны жаңыртуу, жаңы эл аралык аэропортторду куруу жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Тараптар жарандык авиация жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашып, Кыргызстан менен Кореянын ортосунда жаңы түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн жана учуулар географиясын кеңейтүү маселелерин карашты. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштардын жана туристтик алмашуулардын чыңдалышына өбөлгө түзөт.