Кыргызстан менен Кореянын агрардык тармактагы кызматташтыгы артууда

Коом 16 июнь 2025 16:10
WhatsApp Image 2025-06-16 at 15.48.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-16 at 15.48.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-16 at 15.48.57 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-16 at 15.48.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-16 at 15.48.56.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-16 at 15.48.56 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Түштүк Кореянын агрардык тармактагы кызматташтыгы артууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн "Кыргыз Агрохолдинг" ААКта Кореянын Korea Agri-food Quality, Kyung Nong Corp. жана Kyrgyz Industrial Workforce Training Center компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда тараптар агроөнөр жай тармагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, тажрыйбалары менен бөлүшүп, ар бир компания өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында акылдуу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлерди окутуу жана тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташтыкты көздөгөн өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Тараптар мындан ары да биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча активдүү иштөөгө макулдашты.