Кыргызстан менен Кипр туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-06-08 at 15.27.41 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кипрдин тышкы иштер министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүп, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Нуран Ниязалиевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык, соода-сатык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

“Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтык маселелери каралды. Кипр бул багытта чоң тажрыйбага ээ өлкө болгондуктан, бул жаатта кызматташтыкты өркүндөтүү өз кезегинде эки өлкөдөн бири-бирине келген туристтердин санын көбөйтөрү белгиленди. Мындан тышкары, билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Жолугушууда Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы тууралуу да сөз болуп, Кыргызстан тарап Европа биримдигинин санкциялык саясаты боюнча өз позициясын билдирип, Кипр тарап аны түшүнүү менен кабыл алды”, - деди Ниязалиев.

Белгилей кетсек, Константинос Комбос Кыргызстанга расмий иш сапар менен күн мурун келген. Бүгүн анын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен кенен курамдагы жолугушуусу өттү.