Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, достук маселелерин талкуулашты

Президент Загрузка... 06 Декабрь 2025 14:07
IMG_20251206_140708_373.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаровдун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак өз ара алакаларынын достук, коңшулаштык жана боордоштуктун тыгыз байланыштарына негизделген жогорку деңгээлин белгилешти.

Лидерлер август айында Казакстандын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерде жаңы баракты ачканын баса белгилешип, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары да тереңдетүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.