Кыргызстан менен Ирандын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Министрлер кабинети 1046 31 Январь 2025 11:29
679c5e2035771.jpeg
679c5e23b05de.jpeg
679c5e21c2903.jpeg
679c5e210dfc5.jpeg
679c5e1739c2e.jpeg
679c5e16808cf.jpeg
679c5e0eda90e.jpeg
Алдыга
Артка
679c5e2035771.jpeg
679c5e23b05de.jpeg
679c5e21c2903.jpeg
679c5e210dfc5.jpeg
679c5e1739c2e.jpeg
679c5e16808cf.jpeg
679c5e0eda90e.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан Иран менен достук мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берээрин жана Иран тарап менен бардык деңгээлдеги саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин белгиледи. 

"Биздин өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Иран менен инвестициялык кызматташтык биздин өкмөттүн экономикалык дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу сооданын көлөмүн көбөйтүү жана Кыргызстандын экономикасына Иран инвестицияларын тартуу үчүн биргелешкен аракеттерге биздин кызыкдарлыгыбызды жана даяр экенибизди баса белгилегим келет", - деди Адылбек Касымалиев. 

Өз кезегинде Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык тармактардагы кыргыз-иран кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. 

Бандар Аббас шаарындагы "Шахид Раджай" деңиз портун пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.