Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Ирактын расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуулар Багдад шаарында Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 52-сессиясынын алкагында өттү.
Турсункулов Ирактын тышкы иштер министринин орун басары Мохаммед Хусейн Мохамед Бахр Аль-Улум, парламенттик комитеттердин депутаттары жана мунай министринин орун басары Эзат Сабир Эсмаил менен жолугушту.
Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция, энергетика, мунай-газ, транспорт, билим берүү, маданият жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны толуктоо боюнча макулдашууга жетишилди.