Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов баштаган делегация Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 52-сессиясына катышты.
Тышкы саясий ведомстводон маалымдашкандай, жыйын 17-18-октябрда Ирактын Багдад шаарында өттү.
Сессияда Палестина маселеси, Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаал, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Өз сөзүндө Кайрат Турсункулов диалогду жана тилектештикти чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ИКУга мүчө мамлекеттерди "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Мындан тышкары, ал Омандын тышкы иштер министринин орун басары Халифа Аль-Хариси менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулады.