Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Тбилисиде Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Грузиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид Сонгулашвили менен жолугушту.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар экология жана климат багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тиешелүү ведомстволордун ортосундагы байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, “жашыл” инвестицияларды тартуу жана жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү багытында кызматташуу маселелери каралды. Тараптар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантууга макулдашты.