Кыргызстан менен Германия "жашыл" экономика үчүн адистерди даярдоону макулдашты

Коом 17 март 2026 09:15
650796534_1390992879737048_8117922306511723695_n.jpg
651702472_1390993033070366_5752045618821005042_n.jpg
653701887_1390992873070382_2047964871082163929_n.jpg
Алдыга
Артка
650796534_1390992879737048_8117922306511723695_n.jpg
651702472_1390993033070366_5752045618821005042_n.jpg
653701887_1390992873070382_2047964871082163929_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл" көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс кол койду.

Долбоор күн технологиялары, энергияны үнөмдөө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды башкаруу боюнча адистерди окутууну, билим берүү программаларын жаңыртуу жана окутуунун жаңы формаларын киргизүүнү, жаштардын жана чоңдордун эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү карайт.

Аймактык долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө экологиялык багыттагы экономиканы өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоодо тажрыйба алмашууга багытталган.

Белгилей кетсек, долбоор "жашыл" экономика тармактарында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана жумушчу күчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.