Кыргызстан менен ЕАӨБ медицинанын санариптик келечеги үчүн күчтөрүн бириктирет

Коом Загрузка... 23 Май 2025 13:19
1.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечебаев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Санариптик демилгелер фондунун (СДФ) куратору Тигран Саркисян менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга КР президентинин администрациясынын Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси дагы катышты.

Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоо жаатындагы кызматташууну бекемдөө жана СДФ куралдарын колдонуу аркылуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жолугушуунун негизги темасы болду.

Саламаттыкты сактоо министри Тигран Саркисянга иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, санариптик чечимдер жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы технологиялар трансфери аркылуу ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди илгерилетүүдөгү Санариптик демилгелер фондунун маанилүү ролун белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагында бир катар санариптик долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын карашты. Атап айтканда, министр техникалык жана каржылык колдоону талап кылган бир нече демилгелерди сунуштады:
- дары каражаттарынын электрондук соодасы үчүн санариптик платформаны (электрондук дарыкана) өнүктүрүү;
- фельдшердик-акушердик пункттарда (ФАП) мобилдик диагностикалык жабдууларды колдонуу менен телемедициналык чечимдерди киргизүү жана интеграциялоо.

Бул демилге алыскы айылдык аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү тереңдетүүгө, санариптик демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасындагы реформаларды ар тараптуу колдоого даяр экендиктерин билдиришти.