ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалууда. Статистика

Экономика 1163 18 Февраль 2025 15:10
24597ce5ec533762502f7931b9e9b4d2_L.original.jpg
11.PNG
Снимок.PNG
Алдыга
Артка
24597ce5ec533762502f7931b9e9b4d2_L.original.jpg
11.PNG
Снимок.PNG
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. 2025-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мүчө өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,6 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын бааларынын өсүшү менен шартталды.

Ошондой эле, 2025-жылдын январында 2024-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (9,9 пайыз) Россияда  катталып, негизинен азык-түлүк товарларынын баалары (анын ичинде алкоголдук ичимдиктери жана тамеки азыктары) - 11,1 пайызга эң көп жогорулаган.

Азык-түлүк эмес товарларга баалардын (8,4 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (13,8 пайызга) максималдуу өсүшү Казакстанда катталган.