Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (CNPC) башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту.
Жолугушууда Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясына караштуу “Куньлунь Логистик” компаниясы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу продуктуларды жеткирүүнүн жол-жоболору каралды.
Бул компаниянын ишмердүүлүгүнө эл аралык деңгээлде жана стандарттарга жооп берген мунай кендерине жүктөрдү жеткирүү, ошондой эле чийки мунайды, жаратылыш газын, мунай продуктуларын жана атайын кайра иштетилген продуктуларды, химиялык продуктуларды ташуу жана кампа логистика кирет.
Ага байланыштуу бул багытта корпорация менен ыкчам жана тыгыз иш алып баруу үчүн, өлкөнүн Энергетика министрлигине жалпы ишти координациялоо, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Бажы кызматына көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен мунай ташыган жүктөрдү токтоосуз өткөрүү, Тышкы иштер министрлигине жеткирүү кызматын аткарган айдоочулардын визаларын тариздөөнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу маселелер жеринде каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.