Кыргызстан менен БУУнун биргелешкен стратегиялык пландары талкууланды

Министрлер кабинети 14 Май 2026 18:00
6a05b13160ef8 (1).jpg
6a05b12b7cb52 (1).jpg
6a05b1318d6a9.jpg
6a05b13160ef8.jpg
6a05b1314da8a.jpg
6a05b13134509.jpg
6a05b130e150e.jpg
6a05b130632cf.jpg
6a05b1301e4a5.jpg
6a05b12fe0b7b.jpg
6a05b12eebd1a.jpg
6a05b12e98cf5.jpg
6a05b12e1a280.jpg
6a05b12dadde3.jpg
6a05b12d43f8a.jpg
6a05b12c80eb9.jpg
6a05b12b7cb52.jpg
6a05a5bba8b33.jpg
6a05a5baeb77d.jpg
6a05a5bae5389.jpg
6a05a5b43ad39.jpg
Алдыга
Артка
6a05b13160ef8 (1).jpg
6a05b12b7cb52 (1).jpg
6a05b1318d6a9.jpg
6a05b13160ef8.jpg
6a05b1314da8a.jpg
6a05b13134509.jpg
6a05b130e150e.jpg
6a05b130632cf.jpg
6a05b1301e4a5.jpg
6a05b12fe0b7b.jpg
6a05b12eebd1a.jpg
6a05b12e98cf5.jpg
6a05b12e1a280.jpg
6a05b12dadde3.jpg
6a05b12d43f8a.jpg
6a05b12c80eb9.jpg
6a05b12b7cb52.jpg
6a05a5bba8b33.jpg
6a05a5baeb77d.jpg
6a05a5bae5389.jpg
6a05a5b43ad39.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча кызматташтыктын 2023–2027-жылдарга каралган алкактык программасын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы министрлер кабинети менен БУУнун тутумунун ортосунда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын жана Алкактык программа биздин тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги куралдарынын бири болуп саналарын белгиледи.

"Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү туруктуу өсүштү көрсөтүп турат. Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү. 2025-жылы ИДПнын өсүү темпи 11,1%ды түздү. 2026-жылдын биринчи кварталында экономиканын өсүү темпи 10,1%ды түздү. Экономикалык активдүүлүктүн жогору болушу бизге калктын жашоо деңгээлин максаттуу түрдө жогорулатууга, атап айтканда, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик программаларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Жогорку экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү жана аларды сактап калуу калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн өтө маанилүү. Буга байланыштуу бизге өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде БУУнун тутумунун колдоосу керек", - деди Касымалиев.

Минкаб башчысы БУУ менен кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди.

Кыргызстандагы БУУ системасынын туруктуу координатору Антье Граве өз кезегинде Стратегиялык координациялык комитет приоритеттерди жалпы түшүнүүнү жана алардын өлкөнүн өнүгүү муктаждыктарына шайкештигин камсыз кылууга чакырылганын белгиледи.

"Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанды экономикалык өсүштү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, туруктуулукту чыңдоого жана аялдар, жаштар жана аялуу катмарлар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө айландырууда колдоого дагы деле берилген", - деди Антье Граве.

Жыйындын алкагында Кыргызстандагы БУУнун долбоорлору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктары жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган орто мөөнөттүү пландар каралды. Бир катар мамлекеттик органдардын жана БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү баяндама жасашты.