Кыргызстан менен Бахрейн соода-экономикалык кызматташтыгын чыңдайт

Саясат Загрузка... 20 Февраль 2025 15:02
IMG_1455.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейн Падышалыгына жасаган жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн каржы жана улуттук экономика министри шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы соода, экономика, инвестиция, каржы жана банк секторлорундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Элчи Марипов кыргыз-бахрейн өкмөттөр аралык комиссиясын жана кыргыз-бахрейн ишкерлер кеңешин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы сооданы өнүктүрүү максатында түз жана жүк ташуучу каттамдарды ачуу сунушун киргизди.

Бахрейндин банк жана каржы тармагындагы ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен, ал эки өлкө ортосунда биргелешкен банк түзүү демилгесин да көтөрдү.

Ошондой эле элчи Бишкекте быйылкы жылдын жай айларында өтө турган “Борбор Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” II инвестициялык форуму жөнүндө маалымат берип, бул маанилүү иш-чарага Бахрейнден жогорку деңгээлдеги делегация жиберүүнү сунуштады. Буга кошумча ал B2В форматындагы жолугушууларды уюштуруу жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде, шейх Салман бин Халифа Аль-Халифа айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, аларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экенин айтты. Ал Бишкекте өтө турган инвестициялык форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, иш-чарага Бахрейнден жогорку деңгээлдеги делегация жөнөтүлөрүн маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелерди мындан ары илгерилетип, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.