Кыргызстан менен Австрия ЕККУ алкагында коопсуздук долбоорлорун талкуулады

Саясат 15 октябрь 2026 09:35
IMG-20261014-WA0048.jpg
IMG-20261014-WA0049.jpg
IMG-20261014-WA0050.jpg
IMG-20261014-WA0051.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20261014-WA0048.jpg
IMG-20261014-WA0049.jpg
IMG-20261014-WA0050.jpg
IMG-20261014-WA0051.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Күн мурун Тышкы иштери министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Австриянын Федералдык коргоо министрлигинин башкы катчысы Арнольд Каммель менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-австрия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын институционалдык потенциалын чыңдоого багытталган ЕККУнун алкагындагы биргелешкен долбоордук ишмердүүлүктү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Атап айтканда, ок атуучу куралдарды жана жеңил курал-жарактарды, ошондой эле кадимки ок-дарылардын запастарын пайдалануу мөөнөтүнүн бардык этаптарында башкаруу жаатындагы долбоордук-программалык кызматташтыкка өзгөчө басым жасалды. Тажрыйба алмашуу, биргелешкен окуу иш-чараларын өткөрүү жана адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу аркылуу Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук жаатындагы потенциалын чыңдоо максатында аймактык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги биргелешкен ишине көңүл бурулду. Тараптар БУУнун тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгү жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында диалогду мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.