Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Албаниянын биринчи айымы Арманда Бегайга Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда этномаданий программа тартууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымынын социалдык тармактагы баракчасына жарыланды.
Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана искусствосу көрсөтүлдү.
Андан соң жогорку даражалуу меймандар үчүн "Рух-Ордо" маданий борборунда экскурсия уюштурулду.
Иш-чара Албаниянын президенти Байрам Бегайдын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.