Кыргызстан менен АКШ кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Министрлер кабинети 16 Май 2026 10:45
6a07112facd58 (1).jpeg
6a071141b03a9.jpeg
6a071140c7600.jpeg
6a07113f91732.jpeg
6a07113e55cf0.jpeg
6a07113f8ef3b.jpeg
Алдыга
Артка
6a07112facd58 (1).jpeg
6a071141b03a9.jpeg
6a071140c7600.jpeg
6a07113f91732.jpeg
6a07113e55cf0.jpeg
6a07113f8ef3b.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. 

Министрлер кабинетинин төрагасы маектешин алдыдагы улуттук майрамы – Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгы менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өткөн жана учурдагы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыгын талкуулашты. 

Ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, экономика, инвестиция, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. 

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө болгон эки тараптуу умтулууну ырасташты.