Кыргызстан менен АКШ айыл чарба тармагында кызматташууну тереңдетет

Министрлер кабинети 30 Июнь 2026 14:30
53414035050984_KR6Xa8C.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
26426_1782806599_lg (1).jpeg
53414035050984_K8VkPX6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
53414035050984_KR6Xa8C.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
26426_1782806599_lg (1).jpeg
53414035050984_K8VkPX6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. 

Жолугушууда соода-экономикалык багытындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, маектешүүдө өзгөчө айыл чарба тармагына басым жасалды. 

Анда Кыргызстан менен Американын ортосундагы өз ара пайдалуу жана келечектүү багыттар боюнча кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүү белгиленди.

Ал эми, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү каралды, анда кыргызстандык өндүрүүчүлөргө АКШ рыногуна чыгууга көмөк көрсөтүү, сертификация, фитосанитардык талаптар, сапат жана таңгактоо стандарттарына байланышкан маселелери сүйлөшүлдү. 

Бул үчүн заманбап техника жана технология менен камсыз кылуу маанилүү деп белгиленди. 

Тараптар бул багытта тыгыз байланышта болууга макулдашты.