Мамкызматка кадрларды тандоо системасы жакшырат

Коом 8 июнь 2026 15:55
716431708_1014006257667654_6548050193150128598_n.jpg
717201232_1014006157667664_8639837619448194364_n.jpg
717777506_1014005887667691_7180081274487975864_n.jpg
718190544_1014005964334350_318314302535315823_n.jpg
720563022_1014006301000983_2625582763492549216_n.jpg
720570745_1014006104334336_3447574925014682319_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстан мамлекеттик кызматка кадрларды тандоо системасын өркүндөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкекте агенттиктин директору Элчибек Жантаев менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро мамлекеттик кызматка тандоо системасын чыңдоо боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу протоколго кол коюшту.

Долбоор мамлекеттик кызматка кадрларды тандоо системасын өркүндөтүүгө, компьютердик тестирлөөнү модернизациялоого жана талапкерлердин мыйзамдарды практикада колдонуу жөндөмдөрүн баалоо механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Тараптар бул кызматташтык мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана кесипкөй кадрларды тандоо системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.