Кыргызстан магистралдык жана турбовинттүү аба кемелерин сатып алууну кароодо

Министрлер кабинети 7 октябрь 2026 11:10
Кыргызстан магистралдык жана турбовинттүү аба кемелерин сатып алууну кароодо
copyright icon www

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Кыргызстан жаңы учактарды сатып алып, аба каттамдарын көбөйтмөкчү. Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылган.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясы өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Өлкөдө аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик көзөмөл системасын өркүндөтүү, улуттук мыйзамдарды жана стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Учурда эки орто магистралдык аба кемеси жана эки турбовинттүү аба кемеси менен өлкөнүн авиациялык паркын кеңейтүү каралып жатат",-деген ал.

Авиациялык паркты кеңейтүү менен катар өлкөнүн аэропорттук инфраструктурасы да жаңы деңгээлге чыгарылууда.