Кыргызстан Кытайда медицинаны заманбап форматка өткөрүү планын тааныштырды

Ден соолук 533 26 Июнь 2026 13:10
0258c500-92e0-430b-9695-582f37a206ba.jpg
d7add4c3-a4e4-4545-8d0b-17eeda8121fe.jpg
8921029a-5b01-4806-a7d6-6d036f2584a6.jpg
39d781bb-78bd-4453-bc8d-c18832d897b8.jpg
c035aaa4-bf43-47e8-98f8-04190da94476.jpg
aedbdd63-aeaf-49af-91a2-bb6eaebd0ece.jpg
d47b29d8-606b-4e9c-9d30-7e2411f2a482.jpg
f8989b40-1a16-4242-981a-a701ab6ed456.jpg
fb0b9e1d-9134-4e09-9e4a-47d7cb4c184a.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда (СУАР) өтүп жаткан "Жибек жолу" саламаттык сактоо форумуна катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, форумдун алкагында Кадыралиев баяндама жасап, өлкөдөгү медициналык реформалар тууралуу айтып берди.

"Заманбап саламаттык сактоо тармагы имараттардын же жабдуулардын саны менен эмес, инсульт, инфаркт же башка шашылыш абалга кабылган бейтаптын адистерге канчалык тез жеткендиги менен бааланат. Дал ушул себептен Кыргызстан бейтаптарды багыттоонун бирдиктүү тутумун өнүктүрүүдө", — деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары СУАРдын генетика жана жугуштуу оорулар боюнча алдыңкы медициналык мекемелеринин, ошондой эле симуляциялык борборунун иши менен таанышты. Анда коомдук саламаттык сактоо, илимий изилдөөлөр жана медициналык адистердин тажрыйба алмашуусу боюнча өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында "Кытай – Борбор Азия" бирдиктүү борбордук дары-дармек платформасын ишке киргизүү маселеси каралган тегерек стол өттү.

Иш сапардын соңунда СУАРдын Партиялык комитетинин жана өкмөтүнүн жетекчилиги менен өз ара мамилелерди бекемдөө боюнча маанилүү жолугушуулар өткөрүлдү.