Кыргызстан Кытай менен практикалык кызматташтыкты бекемдейт

Министрлер кабинети 29 Апрель 2026 11:50
69f19082d9f8f (1).jpeg
69f19093b1fee.jpeg
69f19087a1960.jpeg
69f1908fd360b.jpeg
69f190900172c.jpeg
69f1908fc9769.jpeg
Алдыга
Артка
69f19082d9f8f (1).jpeg
69f19093b1fee.jpeg
69f19087a1960.jpeg
69f1908fd360b.jpeg
69f190900172c.jpeg
69f1908fc9769.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Нинбо шаарында өткөн ШКУнун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү” форумуна катышты.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстан туруктуу жана “жашыл” өнүгүү моделине өтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Табигый байлыкка ээ Кыргызстан экологиялык туруктуулукту узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн маанилүү негизи катары эсептейт.

Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Кытай Эл саясий консультативдик конференциясынын 14-чакырылыштагы Улуттук комитетинин вице-төрагасы жана ШКУнун “Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык” комитетинин төрагасы Шен Юэюэ менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кеңири стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө күчтүү дем бар экенин белгилеп, Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алкагындагы кызматташтыкты жана жакынкы жогорку деңгээлдеги жолугушууларды талкуулашты. 

Мындан тышкары, Нинбо жана Вэнчжоу шаарларындагы компаниялардын өкүлдөрү менен бизнес форумдар өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Улуттук инвестициялык фонду өлкөнүн инвестициялык климаты, конкреттүү инвестициялык долбоорлор, Кыргызстан менен Кытайдын бизнес-коомчулугунун практикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.