Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылга карата кургак учук менен ооругандардын статистикасы жалпы көрсөткүчтөрдүн туруктуу төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.
Анын маалыматы боюнча, кургак учук менен ооругандардын саны калктын ар 100 миң адамына 55,1 учурду түздү. Салыштырмалуу алсак, эң жогорку көрсөткүч 2001-жылы катталып, 100 миң кишиге 168 учур туура келген. Жалпысынан акыркы 20 жылда кургак учук менен ооругандардын саны 3 эсеге азайганы байкалууда.
"Мындай оң динамикага кургак учукка каршы беш улуттук программанын ырааттуу ишке ашырылышынын аркасында жетишилди. Бүгүнкү күндө Кыргызстан кургак учукка каршы бардык зарыл болгон дары-дармектер менен 100% камсыз болгон жана алардын баары акысыз берилет. Мындан тышкары, өлкөнүн медициналык мекемелери бейтаптарды тез жана так диагностикалоого, толук текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдылган", — деди директор.
Ошону менен бирге, оору менен ийгиликтүү күрөшүү мамлекеттик деңгээлде колдоого алынууда. Кыргызстандын өкмөтү эл аралык уюмдар менен биргеликте кургак учукту дарылоодо жана алдын алууда ар тараптуу техникалык жана каржылык жардам көрсөтүп келет.
"Кургак учуктун сезгич түрүн дарылоо үчүн биринчи катардагы препараттар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынат, ал эми туруктуу түрү үчүн экинчи катардагы препараттар Глобалдык фонддун эсебинен БУУӨП тарабынан берилет", — деди Абдуллаат Кадыров.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында өлкөгө келген бардык вакциналар республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынат.
"Республикада жыл сайын 140 миңге чейин бала төрөлөт. Жашоосунун алгачкы күндөрүндө төрөт үйлөрүндө кургак учукка каршы (БЦЖ) эмдөө жүргүзүлөт. Бул ымыркайлардагы кургак учук менингитин жана инфекциянын оор түрлөрүн алдын алуу үчүн маанилүү чара болуп саналат. Бардык вакциналар ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн. Бул алардын сапаты жана тазалыгы боюнча эң катуу эл аралык талаптарга жооп берерин билдирет. Вакциналарды сатып алуу ЮНИСЕФтин жеткирүү бөлүмү аркылуу ишке ашырылат. Биз колдонулуп жаткан вакциналардын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна толук кепилдик беребиз", — деп баса белгиледи министрдин орун басары.