Кыргызстан көк бөрү оюнунда 11:0 эсеби менен алдыга озууда

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 11:25
Кыргызстан көк бөрү оюнунда 11:0 эсеби менен алдыга озууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү оюнунун финалы өтүүдө.

Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешип жатат.

Азыр эсеп саны кыргыз улакчыларынын пайдасында 11:0 эсебинде.

Үчүнчү таймда эсепти Байтегин Оморбеков, Эрназар Кошумбаев жана Мирбек Мукашевдер жаңылап, үч упайды алып келди.