Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Соңку жылдары Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясында олуттуу өзгөрүүлөр болууда. Бул аталган федерациянын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңешинин VII жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө федерация мурункудай жумушчулардын акчасын алып аларга жолдомо сатпай, тескерисинче алардын укугун коргоп жумушта жакшы шарттарды түзүп берип жатат.
“Кошуна мамлекеттер менен ич ара мамилерибизди күчөтүп, эл аралык деңгээлге чыгып жатабыз. Ошондой эле санариптештирүүнүн алкагында 1229 телефон номерин киргиздик. Эми Кыргызстандын ар бир жараны эмгек жаатындагы суроолору боюнча ушул номерге кайрыла алат. Баарына так, туура, мыйзам чегинде жооп беребиз”,-деди ал.
Ал белгилегендей, учурда Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жеке беш объектиси бар.
“Жалпы объектилердин кирешеси бир жылда 2,5 эсеге өстү. Буга чейин, федерация бир жылда 25 млн киреше таап жаткан болсо, өткөн жылы биздин киреше 58 млн сомду түздү. Бул эмненин аркасында болуп жатат? Албетте, биринчи кезекте өлкө башчысынын колдоосу. Ошондой эле санариптештирүүнүн аркасында биздин накталай эмес төлөмгө өтүүбүз. Накталай эмес төлөмгө өтүүнүн аркасында, коррупциялык схема жоюлду. Мындан сырткары, эл аралык уюмдар дагы бизге ишенип артып, каржылоо маселесинде бизге көмөк көрсөтүп жатышат”,-деди ал.