Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Психикалык ден соолук боюнча 6-Глобалдык министрлер саммитине катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Министрдиктен билдиришкендей, Чечейбаев Катардын саламаттык сактоо министри Мансур бин Ибрагим бин Саад Аль Махмуд менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар психикалык саламаттык, медициналык инфраструктура жана заманбап дарылоо технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда катарлык адистердин Кыргызстанда ийгиликтүү кохлеардык имплантациялоо практикасы да белгиленди.
Ошондой эле Кувейттин саламаттык сактоо министринин коомдук саламаттык сактоо боюнча орун басары доктор Аль-Мундхир Ваэл Мухаммад Аль-Хассави менен жолугушууда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына, анын ичинде кайрымдуулук фонддоруна көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоо үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана үзгүлтүксүз жумушчу консультацияларга даяр экендиктерин ырасташты.