Кыргызстан - Катар футбол беттешин малайзиялык калыстар тейлейт

Спорт Загрузка... 23 Март 2025 17:59
1.jpg
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 23.03.25. /Кабар/. 25-март күнү 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Бишкекте өтө турган Кыргызстан - Катар беттешин малайзиялык калыстар тобу тейлейт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ФИФА калысы Насаруддин Мухаммад Назми калыстар бригадасын жетектесе, ага каптал сызыктарда Халил Тан Мухамад Зайрул жана Зайнал Абидин Мухаммад Му Ази жардам беришет. Ошондой эле Туан Мохд Ханафиах резервдик арбитр болуп дайындалды.

VAR-системасында дагы кытайлык адистер Фу Минг жана Жин Жуян иштешет.