Кыргызстан 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярданууда. Бул масштабдуу эл аралык иш-чара долбоордун мекенинде кайрадан дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген спортчуларды, маданият ишмерлерин, окумуштууларды жана конокторду бир аянтчага чогултат.
Даярдыктын акыркы этаптарынын бири катары, үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынынын алкагында Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өттү. Иш-чарага парламент депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын кабыл ала турган негизги объекттердин даярдыктары менен таанышты. Атап айтканда, делегация Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборуна, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында болушту.
Ошондой эле ат спортунун түрлөрү боюнча мелдештердин жана маданий программанын борбордук окуяларынын бири боло турган "Көчмөндөр жаңырыгы" этно-хит фестивалынын даярдыгы тууралуу маалымат сунушталды.
Объекттерди кыдырып чыккандан кийин жыйындын катышуучуларына оюндарды уюштуруунун жана даярдоонун жүрүшү жөнүндө жалпы маалымат берилди. Маданият министрлигинен белгилешкендей, маданий программаны даярдоо иштери комплекстүү форматта улантылууда жана өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Оюндар долбоордун мекенине кайтууда
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгачкы жолу 2014-жылдары Кыргызстанда өткөрүлгөн. Өткөн жылдар ичинде алар көчмөн элдердин салттуу маданиятын жана этникалык спорт түрлөрүн сактоо жана жайылтуу боюнча эң ири эл аралык долбоорго айланды.
Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн гана спорттук иш-чара эмес, өлкөлөр ортосундагы маданий жана илимий диалогдун аянтчасы болуп саналат. Алтынчы оюндар "Күч бирдикте! Рух бирдикте!" урааны астында өтөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, ага кеминде 95 мамлекеттин катышуусу күтүлүүдө.

Ачылыш аземи Эгемендүүлүк күнүндө өтөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарындагы "Бишкек Арена" стадионунда өтөт жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулат.
Мындан сырткары, оюндар убактысы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммити менен туш келет, бул иш-чарага кошумча эл аралык статус берет.
Ал эми 1-сентябрда катышуучулар негизги спорттук жана маданий иш-чаралар өтө турган Ысык-Көл облусуна жөнөтүлөт. Мелдештер 2-сентябрда башталып, 6-сентябрда аяктайт. Жабылыш аземи Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.
Спорттун 43 түрү жана миңдеген катышуучулар

Оюндарга дүйнөнүн булуң-бурчунан 3000ден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Программага этноспорттун 43 түрү киргизилген. Мелдештер Чолпон-Атадагы ат майданында, Кырчын жайлоосунда, "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде, ошондой эле Ысык-Көл облусунун башка аянтчаларында өтөт.
Уюштуруучулардын айтымында, спорттук программа оюндардын негизги элементи бойдон калууда, бирок ДКО эбак эле спорттук иш-чаранын алкагынан чыгып, масштабдуу эл аралык гуманитардык форумга айланган.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков "Кабар" агенттигине улуттук курама команданын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгы тууралуу айтып берди.

"Азыркы учурда улуттук курама команданын спортчулары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү даярданып жатышат. Оюндардын программасына спорттун 43 түрү киргизилген жана 90%дан ашык дисциплиналар боюнча тандап алуу мелдештери, окуу-машыгуу жыйындары жана даярдык иш-чаралары өткөрүлдү. Кээ бир ат оюндарынын түрлөрү боюнча курама команданын курамы биротоло бекитиле элек. Ал жерде тандоо үч этап менен өтүүдө: анын экөөсү аяктады, учурда акыркы этапка даярдык жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын кайсы аттар жана спортчулар коргой турганы аныкталат", - деди ал.
Өмүрбеков күрөштүн бардык түрлөрү жана башка көптөгөн дисциплиналар боюнча тандап алуу иштери жүргүзүлүп, спортчулар аныкталганын жана алар пландуу даярдыкты улантып жатышканын айтты.

"20га жакын спорттун түрү кыргыздын улуттук оюндарына кирет. Демек, бул дисциплиналар боюнча ат салышкан спортчулар атайын машыгуу лагерлеринен өтүшөт жана буга чейин бир катар даярдык иш-чараларына катышкан. Мындан сырткары, биздин спортчулар спорттун айрым түрлөрү боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттарында өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат, бул дагы Көчмөндөр оюндарына даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жалпысынан улуттук курама команда алдыдагы мелдештерге олуттуу жана интенсивдүү даярдык көрүүдө. Кээ бир эл аралык дисциплиналардын өкүлдөрү үчүн август айында кошумча окуу-машыгуу жыйындары уюштурулат. Тандоо иштери аяктагандан кийин биз машыгуу процессин көзөмөлдөөнү жана Кыргызстанга алтын медалдарды алып келүүгө кудурети жеткен спортчулар менен иштешүүнү улантабыз", - деп жыйынтыктады ал.

Маданий программа ондогон өлкөлөрдүн башын бириктирет
Спорттук мелдештер менен катар кеңири маданий программа пландаштырылган. Ысык-Көлдүн аянтчаларында кечки концерттер, көргөзмөлөр, презентациялар жана 40ка жакын өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык этникалык фестиваль өтөт.
Коноктор элдик чыгармачылыктын ар кандай багыттары, анын ичинде этно-хит, этно-мода, этно-бий жана салттуу айтуучулук (төкмөлүк, манасчылык) өнөрү менен тааныша алышат.
Маданий программалар Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борбору, "Рух-Ордо" комплекси, Бостеридеги "Номад" амфитеатры жана аймактын башка объекттеринде өтөт. Мындан сырткары, оюндардын алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүү үчүн туристтик жана көргөзмө зоналарын түзүү пландалууда.

Илимий программага 40 өлкөнүн изилдөөчүлөрү чогулат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2026нын программасында илимий багыт өзгөчө орунду ээлейт. Агартуу министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендей, эл аралык илимий конференцияга 40тан ашык мамлекеттен 75ке жакын окумуштуу катышат.

Катышуучулар көчмөндөр цивилизациясын изилдөө, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошентип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан үч негизги багытты – спортту, маданиятты жана илимди бириктирет.
Ак илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болду
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тумары болуп Кыргызстандын эң таанымал символдорунун бири – ак илбирс тандап алынган.

Оюндардын Эл аралык катчылыгынан белгилешкендей, бул образ күчтү, кадыр-баркты, урмат-сыйды жана ички балансты чагылдырат – бул сапаттар спортчуларга да, көчмөн маданиятынын философиясына да абдан жакын. Ак илбирс оюндардын визуалдык өзгөчөлүгүнүн борбордук элементи болуп калат жана форумдун бардык негизги иш-чараларын коштоп жүрөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Килиманджаро чокусунда желбиреди

Оюндарга даярдык көрүү эл аралык масштабдагы символикалык акциялар менен да коштолууда. 2025-жылдын декабрь айында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Африканын эң бийик чекити болгон 5895 метр бийиктиктеги Килиманджаро чокусуна чыгарылды. Бул миссияны министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, КР Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти, Эверестти багындырган алгачкы кыргызстандык Эдуард Кубатов аткарды.
Анын айтымында, бул кадам 2026-жылы Кыргызстанда кайрадан өтө турган эң ири эл аралык иш-чаранын жакындап калганынын символу болуп калды.
"Биримдик кербени" коомчулуктун катышуусунун символуна айланат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дагы бир маанилүү долбоору "Биримдик кербени" болмокчу. Долбоор өлкөнүн аймактарын алдыдагы Оюндардын айланасына бириктирүүгө жана көчмөн маданий салттардын уландысын баса белгилөөгө багытталган.

Бул аземде Хан-Теңири мөңгүлөрүнөн чогултулган суу өзгөчө мааниге ээ. Оюндар башталар алдында атайын көөкөр-идиштер менен Кыргызстандын аймактарынан алып келинген булак суусун бириктирүү аземи өтөт.
Андан соң курамында аксакалдар, спортчулар, артисттер, ыктыярчылар жана коомчулук өкүлдөрү бар кербендер оюндар өтүүчү жайга жөнөшөт. Анын туу чокусу ачылыш аземи болот, анда бардык аймактардан келген суу элдин биримдигинин, ата-бабаларга болгон урмат-сыйдын жана жалпы келечектин символу катары бирдиктүү чоң идишке куюлат.
"Биримдик кербени" долбоору алгачкылардан болуп старт алган аймак Баткен облусу болду.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары иш алып барып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин мурасын сактоого жана жайылтууга багытталган бул эң ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилде чагылдырууну камсыз кылууда.
"Кабар" КУМА – 1937-жылы негизделген Кыргызстандын биринчи маалымат агенттиги. Агенттик Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү негизги окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде маалыматтык жактан чагылдырып келет.
Бүгүнкү күндө "Кабар" алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен кызматташат жана ата мекендик, ошондой эле чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий маалыматтын негизги булагы болуп саналат.