Кыргызстан инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багыт алды

Билим Загрузка... 26 Ноябрь 2025 10:42
WhatsApp Image 2025-11-24 at 16.08.23.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация (ПМПК) жөнүндөгү жобо толук жаңыртылды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реформанын негизги максаты инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, бюрократияны жоюу жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Негизги өзгөрүүлөр

  1. Сервистик ыкмага өтүү: ПМПК эми балдарды мекемелерге бөлүштүрүүдөн баш тартып, баланын муктаждыгына жана үй-бүлөнүн активдүү катышуусуна негизделген сервистик моделге өттү.
  2. Үй-бүлөнүн укугу күчөтүлдү: ПМПК корутундусу ата-энелерге гана берилет. Аны билим берүү мекемесине жөнөтүү ата-эненин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Мектепти тандоо укугу толугу менен үй-бүлөгө таандык. Ата-эне макулдук берген учурда гана ПМПКнын билим берүү шарттары боюнча сунуштары мекемелер үчүн милдеттүү болот.
  3. Санариптештирүү жана комплекстүүлүк: Консультациялар көп тармактуу адистер, тагыраак айтканда психолог, дефектолог, логопед жана башкалар тарабынан жүргүзүлөт. ПМПК иши "Э-Күндөлүк" платформасы аркылуу санарип форматка өтүп, кызматтардын алыскы аймактарда да жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Бул реформа "Билим берүү жөнүндө" жана "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдарга жана эл аралык конвенцияларга толук шайкеш келтирилип, өлкө боюнча инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги бөлүгү болуп саналат.

Маалымат үчүн: ПМПК инклюзивдик билим берүүнүн негизиндеги маанилүү механизм болуп саналат. Бул — адистер баланын билим алуу муктаждыктарын жана анын окуусу үчүн зарыл болгон шарттарды биргелешип аныктап чыга турган кесиптик баалоо форматы. ПМПКнын жыйынтыгында коштоо, окуу программасын ылайыкташтыруу, атайын методикаларды колдонуу же баланын жеке билим берүү траекториясын түзүү боюнча сунуштар даярдалат. Бул иштердин сапаты өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар баланын кадимки мектепте окуп, зарыл колдоого жетүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Ушундан улам ПМПКнын эрежелерин жаңылоо инклюзивдик билим берүүнү реформалоонун негизги бөлүгү болуп, өлкө боюнча билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө түз өбөлгө түзөт.