Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, өзүнүн стратегиялык географиялык абалын, бай маданий жана спорттук мурастарын конкреттүү саясий-экономикалык артыкчылыктарга айландыра алды. ШКУга төрагалык кылуу, БУУнун түзүмдөрүндөгү жигердүү жетекчилик жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу глобалдык долбоорлор — чакан мамлекеттин дүйнөлүк аренада ири демилгелерди ишке ашырууга кудурети жетерин айкын далилдеди.
2026-жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 10,1%га көбөйүп, 428,6 млрд сом болду. Мында курулуш тармагы менен өнөр жай сектору алдыда бара жатат. Ал эми акыркы төрт жылды ала турган болсок ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2% түзүп, 2025-жылдын акырында 11,1%га чыкты. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген. Бул экономикалык өсүш Кыргызстандын ички жана тышкы иштерине таяныч болуп берүүдө.
Быйыл Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрөт. Өлкө уюмдун ишмердигин жаңырта турган, региондун жашоосуна таасир этүүчү экономикалык, экологиялык демилгелерди киргизип жатат. Учурда саммитти утурлай ондогон эл аралык масштабдагы иш-чаралар өтүүдө. Алар экономиканын маанилүү тармактары, агартуу сымал багыттар боюнча бөлүнгөн.
Кыргызстан дүйнөлүк байыркы цивилизациялардын мурастарынын сактоочусу катары да таанымал. Бүйүрдү кызыта турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда өтөрү белгилүү. Айтмакчы, ачылышы Бишкекте курулуп жаткан 51 миң орундуу замандап стадиондо уюштурулуп, этно спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда 31-августтан 6-сентябрга чейин уланат.
Спорт демекчи быйыл Азия чемпионаты да Кыргызстанда өтүп, бүткүл региондун күйөрмандарынын көзү Бишкекте болду. Ал эми январда фрирайд лыжа жана сноуборд боюнча квалификациялык мелдештер көлдөгү Жыргалаң тоолорунда өткөрүлгөнү маалым. Турнирге 20га жакын өлкөдөн келген спортчулар катышкан эле. Эске салсак, “Ала-Тоо Резорт” Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластери болот. Ал “Жыргалаң”, “Ак-Булак” жана “Боз-Учук” курортторун камтып, 250 чакырымга жакын лыжа трассалары курулат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда өтө турган эл аралык иш-чараларга карата ири инфраструктуралык долбоорлор курулуп, жолдор оңдолуп жатат.
Бул арада Кыргызстан 2027-жылы Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитине даярдыктарды көрүүдө. Кыргызстан глобалдык деңгээлде илгерилетип жаткан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү боюнча демилгелери дүйнө мамлекеттери тарабынан колдоого алынып жатканы белгилүү. Ал гана эмес эл аралык коомчулук Кыргызстанды тоо калкынын, мөңгүлөрдүн, ак илбирстердин башкы коргоочусу катары таанып калды. 2026-жылдын мартында Андоррада ондогон мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан турган (687 мүчө) Тоо өнөктөштүгүнүн отурумунда Кыргызстан тоо күн тартибинин кызуу жактоочусу деп табылганы маалым. Натыйжада, Кыргызстан аталган комитеттин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды.
Спорттон баштап геосаясатка чейинки масштабды камтыган маанилүү эл аралык иш-чаралардын Кыргызстанда өтүшү өлкөнүн олуттуу маселелерди чечүүдө ыңгайлуу дипломатиялык аянт экенин, региондо лидерлик дымагы бар экенин көрсөтөт. Мындай пикири менен экономика илимдеринин доктору Төлөнбай Абдыров бөлүштү. Анын айтымында, Кыргызстан аймактын саясий жана экономикалык күн тартибине таасир эте ала турган тарапка айланууда.

“2026-жылы Кыргызстан чындыгында бир катар эл аралык маанилүү иш-чаралардын борбору болгону турат. Бир эле ШКУга төрагалыкты алсак, Кытай, Индия, Россия сымал ири мамлекеттердин жанында өз позициябызды бекемдеп, алар менен кадимкидей теңтайлаша турган мамлекет катары өзүбүздү көргөзүп жатабыз. Негизгиси, Кыргызстан глобалдык диалог үчүн коопсуз жана ишенимдүү аянт макамын бекемдеп жатат. Бул келечекте экономикалык, инвестициялык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат.
Көчмөндөр оюндары деле жөн эле спорттук, маданий иш-чара эмес. Бул Кыргызстанды башка деңгээлге алып чыга турган процесс. Анткени ал бир жолу өтүп эле токтоп калбайт, жыл сайын кайталанып мазмуну кеңейип турат. Уюштурулуп келе жатканына жети-сегиз жыл болду, дүйнө эли биздин өлкөнүн көчмөн цивилизациясынын мурастарын алып жүрүүчү, сактоочусу жана жайылтуучусу катар таанып калды. Биздин президент да, министрлер кабинетинин төрагасы да кайда барышпасын, инвесторлорго маалымат берип жатышат. Көчмөн оюндары да биздин мамлекеттин эң мыкты жарнамасы.
Глобалдык масштабда тоо күн тартиби боюнча лидерлик да Кыргызстанда. 2027-жылы Бишкекте Тоо саммити болот. Тоолуу мамлекеттерди климатка ылайыкташтырып өнүктүрүү демилгесин Кыргызстандан чыгып жатканы, биздин мамлекеттин картадагы чекит эмес, анын дүйнөлүк деңгээлдеги иштерди жүргүзүү дарамети бар өлкө экенин көрсөтүүдө”, - деп билдирди экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров.