Бажы кызматы Евразиялык экономикалык форумунда санариптик демилгелерди сунуштады

Коом 30 июнь 2025 17:45
514330559_1167842028721628_612470408546560787_n.jpg
504376560_1167842078721623_435964046460323787_n.jpg
514104449_1167842025388295_1253776649262141621_n.jpg
514233907_1167842108721620_7080358975254009622_n.jpg
Алдыга
Артка
514330559_1167842028721628_612470408546560787_n.jpg
504376560_1167842078721623_435964046460323787_n.jpg
514104449_1167842025388295_1253776649262141621_n.jpg
514233907_1167842108721620_7080358975254009622_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек 30.06.25 /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 26-июнда Минск шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумда санариптик демилгелерди сунуштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум Евразия экономикалык биримдигинин жыл сайын өтүүчү негизги иш-чарасы болуп саналат жана биримдикке мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирет.

Форумдун алкагында бажы администрацияларынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерине арналган "Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстер: жаңылануулар жана экономикалык артыкчылыктар" темасында панелдик сессия өттү.

Аталган сессияда Кыргызстан спикер катары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Э.Мамбетжунушева "Интеграциялык процесстерди тереңдетүүдөгү заманбап санариптик технологиялардын ролу" деген темада баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын бажылык башкаруу системасында санариптик чечимдерди практикалык ишке ашыруу тууралуу кеңири айтып берди.

Ал төмөнкү маселелерди камтыган:

  • "Смарт Бажы" Улуттук санариптик платформасынын негизги мүмкүнчүлүктөрү;
  • коңшу мамлекеттер менен маалымат алмашуу системаларын өнүктүрүү;
  • трансчек аралык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган аналитикалык модулдарды жана санариптик инструменттерди киргизүү.

Мындан тышкары, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, электрондук санариптик кол тамгаларды колдонуу, маалыматтык системалардын архитектуралык шайкештигин камсыздоо жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында ишенимдүү санариптик чөйрөнү түзүү маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Мамбетжунушева төмөнкү темаларга арналган тармактык тегерек столдорго катышты:

  • "ЕАЭБдин транзиттик потенциалын кеңейтүүнүн негизи катары Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарын өнүктүрүү";
  • "Евразия экономикалык бирлигинин бажы органдарынын санариптик трансформациясы".

Кыргызстандын делегациясынын аталган форумга катышуусу ЕАЭБдин алкагында өз ара кызматташууну өнүктүрүү жана тереңдетүү, ошондой эле эл аралык аянтчада улуттук санариптик чечимдерди алдыга жылдыруу багытындагы маанилүү кадам болду.