Кыргызстан энергияны экспорт кылган мамлекетке айланат - президент

Президент 1034 27 Октябрь 2025 15:35
571179421_1379515367516427_3729964057909773524_n.jpg
572495853_25030211546598852_7370336224325858391_n.jpg
566246892_1379515650849732_1656608238519671138_n.jpg
571096440_1379515597516404_7982953334346532963_n.jpg
571158362_1379515674183063_9146077011149403413_n.jpg
Алдыга
Артка
571179421_1379515367516427_3729964057909773524_n.jpg
572495853_25030211546598852_7370336224325858391_n.jpg
566246892_1379515650849732_1656608238519671138_n.jpg
571096440_1379515597516404_7982953334346532963_n.jpg
571158362_1379515674183063_9146077011149403413_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Кыргызстан энергияны импорттогон өлкөдөн экспорт кылган мамлекетке айланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абадда Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда өлкөнүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, кышкысын импорт албай, өндүрүлгөн электр энергия толук жетип калат.

“Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул кылым курулушун – улуттук масштабдагы долбоорду ишке ашырууда эл аралык каржы уюмдары биз менен кызматташууга даяр. Учурда биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат.

Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз.

Мындан сырткары, ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, биз кышкысын импорт албай, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат”, - деди президент.