Президент Садыр Жапаров кечээ Кара-Көл ГЭСинин ачылышына катышты. ГЭС Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куя турган жеринде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган. Станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроагрегаты бар. Электр энергиясын жылдык орточо өндүрүү 104 млн кВт саатты түзөт. Бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана Кара-Көл менен Токтогул ГЭС Каскадын электр энергиясы менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган дагы бир кадам деп айтууга болот.

Садыр Жапаров Кара-Көл ГЭСин ишке киргизүүнү Кыргызстандын энергетика тармагынын тарыхындагы маанилүү окуялардын бири экенин баса белгиледи.
«Кара-Көл ГЭСинин курулушу — өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет», — деди президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы учурда республикада улуттук масштабдагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
«Мындан сырткары, азыр өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп, ишке берилсе, биз кышкысын импортко муктаж болбостон, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиясына толук ээ болобуз. Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергиясын импорт кылбай калабыз. Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет», — деп мамлекет башчысы өлкө тургундарын кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу кырдаалга сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырды.
Президент энергетика тармагындагы ийгиликтүү долбоорлор мамлекет менен жеке сектордун ишенимдүү өнөктөштүгүнүн ачык мисалы экенин өзгөчө белгиледи. Ал энергетика Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү жана келечектүү тармак экенин, ал эми ата мекендик адистер тарабынан курулуп жаткан ар бир жаңы чакан ГЭС өлкөнүн энергетикалык дараметин бекемдээрин ырастады.

Мамлекет башчысы ишкерлерди жана инвесторлорду бул тармакты өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырып, мамлекет ишенимдүү өнөктөш болууга жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Аналитик Бактыбек Саипбаев «Кабар» агенттигине берген комментарийинде кайра жаралуучу булактар экологиялык жүктү азайтууга жардам берерин белгиледи. Ошол эле учурда ал климаттын өзгөрүшү узакка созулган суу тартыштыгына алып келиши мүмкүн экендигине да көңүл бурууну сунуштайт.

«Эколог катары мени жаратылыштын тазалыгын жана тең салмактуулугун сактоо маселеси тынчсыздандырат. Ооба, бизге энергия керек. Бирок жыл сайын биз таза абага дагы көбүрөөк муктаж болуп жатабыз. ГЭС — бул “жашыл энергия”, бирок ошол эле учурда чакан жана орто станциялардын иштөө жөндөмдүүлүгү тоо дарыяларынын агымы кыскарган кыш мезгилинде төмөндөйт. Эгерде 2,5 жылдан кийин биз бардык ички муктаждыктарды канааттандырсак, демек биздин бийлик бул маселени чечти, десек болот. Бул абдан жакшы жаңылык», — дейт Бактыбек Саипбаев.
Энергетика жана суу тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков 90-жылдардан баштап отуз жыл бою тармак калдык принциби боюнча каржыланып, жабдуулар жаңыртылбай жана жаңы кубаттуулуктар киргизилбей калганын белгилейт. Азыр көп нерсе өзгөрүүдө, бирок оор мурас өлкөнү кептелген чуңкурдан чыгара элек.

«Кичи жана орто ГЭСтерди мүмкүн болушунча куруу керек. Микро, кичи, орто, жада калса чоң электр станцияларын курууга мүмкүн болгон дарыялардын нуктары көп эмес. Бул потенциал болжол менен жарым миллиард киловатт-саатка бааланууда. Ал эми бүгүн биз 4 миллиард кВт саат электр энергиясын импорттойбуз.
Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу — абдан туура чечим. Көмүр кени ошол жерде жайгашкан. Кара-Кече болжол менен 600 МВт (Долбоорлук кубаттуулугу 1200 МВт) берет.
"Анда биз Токтогул менен бирге ички керектөөнү камсыздайбыз. Кара-Кече станциясы аба ырайынын шарттарынан көз каранды болбойт. Ал кышкы керектөөнү жабат, ал эми суук мезгилде стратегиялык суу сактагычты суу менен толтурабыз. Себеби, сууну азыркыдай кетирбейбиз. Эгерде бардык долбоорлор өз убагында ишке ашса, мындай макулдашылган иштин натыйжасында 2,5 жылдан кийин биз ички керектөөнү толугу менен камсыздайбыз», — деп баса белгиледи Эрнест Карыбеков.
Биз электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө жетише албай жатабыз. Бул калктын муктаждыгы үчүн да, жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү үчүн да көбүрөөк керектелүүдө. Тартыштыкты кыскаруу үчүн жаңы станцияларды ишке киргизүү темпин жогорулатуу зарыл. Ушул контекстте Камбар-Ата-1 станциясы Кыргызстандын келечеги үчүн гана эмес, бүткүл аймактык өнүгүү үчүн да чечүүчү мааниге ээ. Ал электр энергиясынын олуттуу көлөмүн өндүрүү үчүн гана эмес, Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык тең салмактуулукту сактоо, Нарын дарыясынын суусун сезондуулукту эске алуу менен үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн да зарыл.

Садыр Жапаров бул долбоордун стратегиялык маанисин баса белгилеп, эл аралык каржы институттары бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирди.
«Азыр биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат: жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, электр энергиясын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер», — деди Кыргызстандын президенти.
Энергетика — өлкөнүн комплекстүү өнүгүүсүнүн негизги ресурсу. Электр энергиясы менен өзүбүздү туруктуу камсыз кылуу өтө маанилүү. Себеби, импортко көз каранды болбой, ага ашыкча каражат төлөбөй калабыз. Ошондуктан, эксперттер белгилегендей, энергетикалык коопсуздукка жетүү планына ылайык, бардык курулуштар өз убагында аткарылышы зарыл.