Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Кыргыстандын Нотариалдык палатасы Эл аралык нотариат союзуна расмий түрдө кошулуп, уюмдун 93-мүчөсү болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара Берлинде 2–4-октябрда өтө турган XXXI Эл аралык нотариустар конгрессинин алкагында уюштурулду.
Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Эл аралык нотариат союзуна мүчөлүгү улуттук нотариаттын эл аралык кадыр-баркын бекемдейт, нотариалдык документтердин чет өлкөлөрдө таанылышын камсыздайт жана жарандардын жана ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн кошумча кепилдиктерди түзөт.
Ошондой эле мүчөлүк эл аралык тажрыйбага жана алдыңкы практикага жеткиликтүүлүктү ачып, нотариалдык системаны модернизациялоого жана инвесторлордун ишенимин жогорулатууга өбөлгө болот.
Союзга кошулуу кыргыз нотариустарынын кесипкөйлүгүн чагылдырып, өлкөнүн дүйнөлүк укуктук коомчулукка интеграцияланышынын маанилүү кадамы экени айтылды.