Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 17 Декабрь 2025 13:55
03_1_OuHT64N_68QrUoY.2e16d0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат. Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп пландалууда.

"Эгерде мурда, 2020-жылда тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүп, оң натыйжалар менен баратабыз”, - деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн толук потенциал бар экенин, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу иштери жүрүп жатканын айтты.