Кыргызстан ЕБ менен билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүдө

Билим 19 Февраль 2026 11:30
638430448_1358489919658082_4568857450828101175_n.jpg
637292963_1358489956324745_8423215093582443826_n.jpg
637706633_1358489989658075_3805489363969682703_n.jpg
637726902_1358489879658086_7237105613635984422_n.jpg
637818172_1358489882991419_7222724072608359724_n.jpg
637824765_1358489926324748_7892017461687715732_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин биринчи орун басары Гүлнур Мамырова менен биргеликте Европа парламентинин Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациясынын төрайымы Жузеппина Принчи баштаган депутаттары менен жолукту.

Министрликтен маалымдашкандай, жолугушууда тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуунун келечегин, ошондой эле Erasmus+ программасын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Догдуркүл Кендирбаева Европа парламентинин депутаттарына Кыргызстандын билим берүү системасын колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, учурда Европа биримдигинин "Кыргызстандын билим берүү секторунда реформа жүргүзүү боюнча контракт" бюджеттик колдоо программасы ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Белгиленгендей, Европа биримдигинин колдоосу Кыргызстандын билим берүү системасын комплекстүү модернизациялоого багытталган. Программага туруктуу каржылоо, билим берүү процесстерин санариптештирүү, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү жана Twinning долбоорунун алкагында алдыңкы европалык тажрыйбаларды киргизүү кирет.