Кыргызстан эркин жана ачык шайлоону өткөрүүгө өзгөчө маани берет - президент

Президент Загрузка... 26 Июнь 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстан демократиялык принциптерди кармануу менен эл аралык стандарттарга жооп берген, эркин, ачык жана инклюзивдүү шайлоону өткөрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл шайлоо форумундагы видеокайрылуусунда билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө форумдун негизги максаты – жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу багытында эң алдыңкы ыкмалар боюнча конструктивдүү жана ачык пикир алмашуу, мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана сунуштарды иштеп чыгуу экенин белгиледи.

“Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо реформасынын алкагында шайлоо мыйзамдары өркүндөтүлүп, санариптик технологиялар активдүү киргизилип, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы кескин күрөш жүрдү. Жүргүзүлгөн комплекстүү чаралар шайлоо процессинин толук кандуу, так, мыйзам чегинде өткөрүүгө мүмкүндүк берди”,-деди өлкө башчысы.

Ал кошумчалагандай, шайлоо органдарынын иши коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр менен туруктуу, ачык жана ишенимдүү диалогусуз натыйжалуу боло албайт.

“Ошондуктан форумдун ишмердигин арттырууга активдүү катышкан өнөктөштөрүбүзгө – БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторуна, БУУнун Өнүктүрүү программасына, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясына ыраазычылык билдирем. Урматтуу иш-чаранын катышуучулары, бүгүнкү форум келечекке багытталган жаңы идеялардын, конструктивдүү демилгелердин булагы болот деп терең ишенем.

Касиеттүү Ысык-Көл жээгинде өткөрүлүп жаткан бул форум демократиялык институттарды мындан ары бекемдөөгө, жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктарын коргоого, жана эң башкысы мамлекеттерибиздин туруктуу өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем, — деди президент Жапаров өз кайрылуусунда.