Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан үчүн педагогикалык кадрларды Россиянын жогорку окуу жайларында даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бул багыттагы кызматташууну өнүктүрүүдө Кыргыз-Россия Славян университетинин жана Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош филиалынын ролун талкуулашты.
Кендирбаева президент Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, масштабдуу реформаларды ишке ашырууга ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи.
Анын айтымында, өлкөдө билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты ишке киргизилип, мамлекеттик, улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга негизделген билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле министр башталгыч кесиптик билим берүү системасы толугу менен практикага багытталган окутуу моделине өткөрүлгөнүн белгилеп, мектептерде профилдик окутууну этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.