Кыргызстан БАда климаттык маселелерди чечүү боюнча маанилүү демилгелерди көтөрүүдө - өзбек окумуштуусу

Коом Загрузка... 07 Апрель 2025 09:23
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.58.20.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Самаркандда өткөн "Борбор Азия глобалдык климаттык коркунучтарга каршы: жалпы гүлдөп өнүгүү үчүн тилектештик" аттуу эл аралык форумда сүйлөгөн сөзүндө Борбор Азиядагы климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар негизги демилгелерди сунуштады. Бул тууралуу Ташкент мамлекеттик экономика университетинин профессору, Өзбекстан Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын экс-депутаты Исмаил Сайифназаров билдирди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү экология менен экономиканын абалына олуттуу таасир этүүдө. Ушундан улам, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү тоолуу аймактар эң аярлуу болуп калууда. Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн эришине, кургакчылыкка жана жер көчкү сыяктуу кубулуштарга алып келип, экология менен коомдук туруктуулукка коркунуч жаратууда. Тоолуу аймактар глобалдык экосистемаларда маанилүү ролду ойносо да, көп учурда ири климаттык демилгелерден сыртта калып келет.

"Тоолуу экосистемалар маанилүү суу ресурстарын камсыз кылып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактайт. Алардын бузулушу олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктары да арал мамлекеттер же азыраак өнүккөн өлкөлөр сыяктуу эл аралык форумдарда эске алынышы керектигин баса белгиледи", — деди профессор.

Исмаил Саифназаров Кыргызстан сунуштаган негизги демилгелердин бири катары тышкы карызды туруктуу өнүгүү долбоорлоруна алмаштыруу механизмин атады.

"Бул ыкма карыз төлөмдөрүнөн бошогон каражаттарды экологиялык туруктуулукка жана климатка ыңгайлашуу чараларына багыттоого мүмкүндүк берет. Мындай демилге карызы көп жана климаттык коркунучтарга дуушар болгон башка өлкөлөр үчүн да чоң мааниге ээ", — деп белгиледи ал.

Андан соң профессор Кыргызстанда чакан ГЭСтер сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана токой отургузуу программалары активдүү жүрүп жатканына өзгөчө көңүл бурду.

"Бул чаралар көмүргө болгон көз карандылыкты жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга өбөлгө түзөт. Айрыкча "Жашыл мурас" кампаниясы – жашылдандыруу иш-аракеттери аркылуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө көмөктөшөт", — деди эксперт.

"Кабар" агенттигинин маектеши Кыргызстан тарабынан Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын (2023–2027) колдоо жана бул алкакта эл аралык иш-чараларды өткөрүү демилгеси жогору бааланарын кошумчалады. Мунун негизги максаты – тоолуу мамлекеттерди глобалдык климаттык күн тартибине интеграциялоо жана климаттык адилеттүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.

"Бул кадам климаттык адилеттүүлүк принцибин сактоо жана “эч кимди артта калтырбоо” максатына жетүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөтөт", — деп белгиледи ал.

Сөзүнүн соңунда өзбекстандык окумуштуу сунушталган чаралар – тышкы карызды алмаштыруу, кайра жаралуучу энергия булактарын колдоо жана жашылдандыруу – тоолуу аймактарга климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана алардын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.

"Кыргызстандын тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган мамилеси туруктуу өнүгүү жана климаттык адилеттүүлүккө умтулган башка өлкөлөр үчүн үлгү боло алат", — деп сөзүн жыйынтыктады Саифназаров.